7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жалал-Абадда пара алганы үчүн бир нече мектеп директору жумуштан кетти

10

Жалал-Абад облусунда бир катар мектеп директорлору пара алуу жана чогултуу үчүн иштен алынды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан айрым мектептердин директорлору тарабынан мыйзамсыз акча чогултуу жана пара алуу фактылары аныкталган.

“Токтогул районунун №4 Н.Бримкулов атындагы орто мектебинин директору Ш.Б.Ж., Сузак районунун № 2 Ч.Айтматов атындагы орто мектебинин директору Ю.Г.Р. жана Сузак районундагы №65 А.Юнусов атындагы орто мектебинин директору А.Н.З. «мектептин муктаждыгы үчүн» деген шылтоо менен мугалимдерден мажбурлап акча талап кылуу менен алектенип, системалуу түрдө ишке орноштуруу үчүн пара алып, Россия Федерациясынын аймагында эмгек миграциясында жүргөн бүтүрүүчүлөргө мыйзамсыз аттестат берүүнү уюштурушкан.
Мындан тышкары, №94 орто мектебинин директору Н.Г.Р. жана Сузак районундагы №4 орто мектебинин директору Ш.Г.Т. мугалимдерден ушул сыяктуу мыйзамсыз опузалоолорду жана коррупциялык схемаларды уюштургандыгы үчүн ээлеген кызматынан бошотулду”, — деп берилет маалыматта.

Кылмыш ишин иликтөөнүн алкагында №2 мектептин директору Ю.Г.Р. кармалды; ал мектепте аныкталган мыйзам бузууларды жашыруу үчүн атайын кызматтын кызматкерине 500 миң сом пара берүүгө аракет кылган.

11