Жалал-Абад облусунда наркы 11,5 млн долларды түзгөн алма концентратынан шире чыгаруучу завод ишке кирди.
Президенттин Жалал-Абаддагы өкүлчүлүгү билдиришкендей, ишкана Падек айылында жайгашкан.
“Глобал Эко Грин” ишканасы күнүнө 500 тоннага чейин алма концентратынан шире чыгарууга мүмкүнчүлүк берет. Өндүрүш толук ишке киргенде 100гө жакын адам жумуш менен камсыз болот.



