7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жалал-Абадда соода жайларга жарнамаларын кыргыз тилинде илүү боюнча эскертүү берилди

341

Жалал-Абадда мамлекеттик тил эрежелерин сактабаган, аталышы чет тилинде жазылган соода жайларга жарнамаларын кыргыз тилинде илүү боюнча эскертүүлөр берилди.

Шаардык мэриянын алдында түзүлгөн мамлекеттик тил комиссиясы эгерде эскертүү берилгенден бир ай аралыгында жарнактар кыргызчаланбаса, эскертүүсүз алынарын эскертти. Мындан сырткары, башка тилдердеги тексттин арибинин өлчөмү мамлекеттик тилдеги тексттин арибинин өлчөмүнөн чоң болбоого жана анын оң же төмөн жагына жайгаштырылуусу зарылдыгы айтылды.

Эске салсак, Мамлекеттик тил жөнүндөгү конституциялык мыйзамдын 11-26-беренелерине ылайык, жарнамалар, кулактандыруулар, прейскуранттар жана башка маалыматтар адегенде мамлекеттик тилде, андан кийин расмий тилде зарыл учурларда башка тилдерде жазылат. Мыйзамды сактабагандар жоопко тартылат.

 

342