Бүгүн, 19-ноябрда Бишкектин борбордук көчөлөрү футбол беттешине байланыштуу жабылат. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.
Эртең Бишкекте Дүйнө чемпиондугуна тандап алуу оюндарынын алкагында Кыргызстан курамасы Иранды кабыл алат.
Буга байланыштуу саат 14:00дон баштап Фрунзе көчөсү Тоголок-Молдо көчөсүнөн Панфилов көчөсүнө чейин;
Тоголок-Молдо көчөсү Чүй көчөсүнөн Фрунзе көчөсүнө чейин жабык болот.
Оюн Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтөт.