Бишкекте сойкулукка жана ыпластыка көмөктөшкөн шектүү кармалды. Бул тууралуу Биринчи Май РИИБден билдиришти.
Маалыматка ылайык, 17-ноябрь күнү саат 5:40 чамасында милицияга Чуйков көчөсүндө притон уюштурулгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Чакыруу болгон жерге дароо эле Биринчи май РИИБдин тергөө-ыкчам тобу жана Бишкек мэриясынын муниципалдык администрациясынын Биринчи Май администрациялык району боюнча адистери барышып, окуя болгон жерге барганда кыздар интимдик кызмат көрсөткөндүгү тастыкталган. Кыздардын айтымында, “О” аттуу бала сойкулук жасаганга шарт түзгөн жана андан келип түшкөн акча каражатынын жарымын өзүнө алып тургандыгын билдиришкен.
Аталган факты Биринчи Май РИИБдин Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 160-беренеси (сойкулукка жана ыпластыка көмөктөшүү) боюнча кылмыш иши козголгон. Шектүү катары 1984-жылы туулган шектүү аныкталып, убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда кылмыш ишин тергөө иштери улантылып жатат.