7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жалал-Абадда тургунду 80 миң сом зыянга учураткан ууру кармалды

822

Жалал-Абад милициясы уурулук фактысынын бетин ачты. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад шаардык ички иштер бөлүмүнө жергиликтүү 3 тургун арыз менен кайрылышкан. Алар 2021-жылдын 28-майынан 7-июнга чейинки аралыкта ишкана, стоматология жана мал сарайлардан акчалай каражаттарын, фотоаппарат, үй тиричилик жана курулуш техникаларын белгисиз кылмышкерлер уурдап кетишкендигин билдиришкен. Жабырлануучулар жалпысынан 80 миң сомдон ашуун зыянга учурушкандыгын белгилешкен.

Бул фактылар Жалал-Абад ШИИБдин КЖБРне Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 200-беренеси (Уурдоо) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.

Ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында жогорудагы окуяларга шектүү катары Ош облусунун Өзгөн районунун тургуну 1982-ж.т. Х.Ж. кармалган.

Шектүүнүн баш коргоо чарасы Жалал-Абад шаардык сотунда каралып, 2 айлык мөөнөткө убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Учурда Х.Ж. башка кылмыш иштерине тиешеси бар же жоктугу такталууда. Тергөө амалдары уланып жатат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

823