7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жалал-Абадда улуттар аралык ынтымакты бекемдѳѳгѳ багытталган кичи футбол өткөрүлдү

553

Жалал-Абадда улуттар аралык ынтымакты бекемдѳѳгѳ багытталган кичи футбол өткөрүлдү. Бул тууралуу Жалал-абад облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чара 2010-жылы июнь окуясында кызмат ѳтѳѳ учурунда каза тапкан милициянын майору Мыктыбек Сулаймановдун жаркын элесине арналып, улуттар аралык ынтымакты бекемдөөгө багытталган.

Кичи футболго Жалал-Абад облусундагы Базар-Коргон районунун 9 айыл аймагынын командалары активдүү катышып, биринчилик үчүн күч сынашты. Жыйынтыгында жеңүүчү командага кубок, баалуу белектер, Базар-Коргон РИИБдин дипломдору тапшырылды.

Иш-чара учурунда милиция кызматкерлери келген конокторду спорттук таймаш аркылуу достукка чакырышты. Район аймагында улуттар аралык ынтымакты бекемдөө, жаштар арасында кылмыштуулуктун алдын алуу багытында түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

554