Жалал-Абад шаарынын Спутник кичи шаарчасындагы таштанды таштоочу жайда жаңы төрөлгөн ымыркай кыз табылганы маалым болгон.
Териштирүү учурунда ымыркайдын апасы таштанды таштоочу жайга жакын жердеги батирде убактылуу жашап жаткан 2005-жылы туулган Базар-Коргон районуна караштуу Акман айыл аймагынын тургуну экендиги аныкталган. Ал 18-ноябрь күнү саат 07:30 чамаларда душтун ичинде кыз төрөп, аны таштанды таштоочу жайга таштап койгон.
Жалал-Абад облустук соту менен байланышканыбызда, келинге карата Жалал-Абад шаардык соту өкүм чыгарганын билдирди. «9-февралдагы өкүмү менен айыпталуучу Т.Э.И. Кылмыш-жаза кодексинин 37-125-беренеси менен күнөөлүү деп табылып, 2 жыл мөөнөткө эркиндигинен ажыратылган. Жазасын аялдардын жалпы тартиптеги түзөтүү абактарында өтөсүн делинген. Кылмыш-жаза кодексинин 82-беренесинин негизинде, ал 1 жыл пробациялык көзөмөлдү колдонуу менен, чектелген жазаны өтөөдөн бошотулган», — дешти.