7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жалал-Абадда жаңы административдик имараттын курулушу башталды

340

Бүгүн президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүнүн аппараты жана Жалал-Абад шаардык мэриясынын административдик имаратынын курулушу башталды.

Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, имарат Жалал-Абад шаарындагы Байзаков көчөсүндө жайгашкан 7,6 гектар жер аянтын ээлеген мурдагы Жазаларды аткаруу кызматынын ордуна курулууда.

Капсула салуу аземине министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев, президенттин өкүлү Тилек Текебаев, шаар мэри Эрнисбек Ормоков жана калаа тургундары катышты.

Камчыбек Ташиев имарат ыкчам курлуп, ошол эле учурда сапаттуу болушу зарылдыгын белгиледи. Бул аракет мамлекеттик кызматкерлерге керектүү шарттарды жаратуу, шаар инфраструктурасын жакшыртуу максатында колго алынганын кошумчалады.

Административдик имараттын курулушун келээрки жылы бүткөрүү пландалган. Ал жети кабаттан туруп, массалык иш-чараларды өткөрүүчү аянты жана сейин бак менен курчалат.

Белгилүү болгондой, курулушка керектелүүчү каражат толугу менен мамлекеттик казынадан бөлүнүп, жалпы 1,6 млрд сомду түзөт.

 

341