7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жалал-Абадда жаңы эл аралык аэропорттун курулушу башталды

261

Жалал-Абад облусунда жаңы эл аралык аэропортунун курулушу башталганын Манасбек Самадинов кабарлады.

Анын айтымында, долбоор аймактын өнүгүшүнө күчтүү түрткү берип, жаңы каттамдарды ачып, миңдеген жумуш орундарын түзүүгө мүмкүндүк берет.

Жалпы аянты 10 миң чарчы метр болгон эки кабаттуу жүргүнчүлөр терминалы 381 гектар аянтка курулат. Аэропорт саатына 350 жүргүнчүнү өткөрүү мүмкүндүгүнө ээ болуп, комфорттун жана тейлөөнүн жогорку деңгээлин камсыз кылат. Аэродромдун инфраструктурасы эл аралык стандарттарга жооп берет. 3800 метрлик учуп-конуу тилкеси, эки буруучу жолчо жана алты аба кемесин токтотуучу жай аэропортко жүргүнчүлөрдү да, жүктөрдү да кабыл алууга шарт түзөт.

Жаңы аэропорт 4E категориясына кирет жана Boeing 737, Airbus A320 жана A321 сыяктуу чоң аба кемелерин кабыл алуу мүмкүнчүлүгүн ачат. Ошондой эле, ИЛ-76, Airbus A330, Boeing 767-300 жана башка жүк ташуучу аба кемелерди сатып алуу пландалууда.

Жалал-Абад шаарында эл аралык аэропорт куруу долбоору президент Садыр Жапаров тарабынан аныкталып, Кыргызстандын авиация тармагын өнүктүрүү стратегиясынын алкагында жасалган маанилүү кадам болуп саналат.

262