7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жалал-Абадда жарандарды карактоо менен алектенген кылмыштуу топ кармалды

384

Жалал-Абадда жарандарды карактоо менен алектенген кылмыштуу топ кармалды. Бул тууралуу ИИМден кабарлашты.

Маалыматка ылайык, милицияга Ала-Бука районунун тургуну Ш.К. арыз менен кайрылган. Жабырлануучунун айтуусунда, белгисиз жарандар аны чакырып алып, унаасына отургузуп, Сузак районунун Көк-Жаңгак шаарынын жайлоосуна алып чыгып, бычак жана белгисиз үлгүдөгү тапанча менен коркутушкан.

Андан соң, жабырлануучуну унаадан түшүрүп, бычак менен коркутушуп, оң колунун чыканагынын үстүн тилип, тапанча менен бутунун астына атып, 50 000 сомун күчкө салып тартып алышкан.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренесинин (Каракчылык) негизинде кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары башталган.

Ошондой эле, 2022-жылдын апрель айында милицияга дагы бир жаран арыз менен кайрылган. Себеби, Жалал-Абадда жабырлануучу өзүнө таандык болгон унаасын 950 000 сомго сатып, ага 700 000 сомун гана берип, калган 250 000 сомун ушул күнгө чейин бербей коркутуп алдап жүргөн, ушул эле айда “Айбек” менен “Турар” аттуу жигиттер келишип, алдоо жолу менен коркутушуп, жабырлануучуга таандык унааны өздөрүнө каттатып алуу аракеттерин көрүшүп, бул кылмыштуу ойлору ишке ашпай калган соң, 200 АКШ долларын жана 5000 сомун алып кетишип, кийин дагы акча алып турушкан.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин (алдамчылык) негизинде кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары башталган.

Жогорудагы козголгон кылмыш иштеринин негизинде Жалал-Абад областтык милициясынын кызматкерлери тарабынан ыкчам-иликтөө иштери жүргүзүлүп, “Турар” жана “Айбек” аттуу жарандардын өздүктөрү аныкталган. 28-январь күнү аталган жарандар кармалышкан. Алар 39 жаштагы С.Т. жана анын шериги 31 жаштагы мурда соттолгон М.А. Жашаган үйүнөн 2 даана бычак, 1 даана колго жасалган ок атуучу тапанчага окшогон курал, 1 даана үн басаңдаткычка (глушитель) окшогон темир, 1 даана темир дубинка жана 2 даана “Макаров” үлгүсүндөгү тапанча, 4 даана ок табылып алынган. Ал эми, экинчи шектүүнүн үйүнөн жана “БМВ” үлгүсүндөгү унаадан бир даана күмүш түстөгү колго жасалган бычак табылып алынган.

Кармалган оор кылмышка шектүү жарандар Жалал-Абад ШИИБдин убактылуу жайына киргизилди.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

385