7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жалал-Абадда жаза өтөө мекемелеринин биринде баңгизат менен иш алып баргандар кармалды

169

Жалал-Абадда баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүрткөн жарандар кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшү кызматынын Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлерине эркинен ажыратуу жайында жайгашуучу «Б» аттуу жаран туруктуу кылмыштуу топту уюштуруп, баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү менен алектенет деген маалымат келип түшкөн.


Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Жаза кодексинин 267-беренесинин 2-бөлүмүндө каралган кылмыштын белгилери боюнча сотке чейинки өндүрүш иши башталды.


«ИИМдин ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүүнүн натыйжасында “Б” аттуу жаран КРнын Өкмөтүнө караштуу ЖАМКнын түзөтүүчү мекемелеринин биринде мөөнөтүн өтөп жаткан, 1993-жылы туулган А. уулу К. экендиги аныкталган. А. уулу К. конфиденттер менен уюлдук телефон менен сүйлөшүп, баңги каражаттар байланышсыз жол менен, аларга белгилүү бир жерге коюлуп, анан берилерин көрсөткөн. Ал эми 24-ноябрь түнү Кетмен-Добо айылында шартталган жерде өсүмдүк табиятындагы кара куурай өзгөчө жыттанган каптагы заттар табылып алынган. Анын салмагы 4 кг 545 граммды түзүп, жалпы салмакты түзүүчү марихуана баңгизаты болгон», — деп берилет маалыматта.


Андан ары өткөрүлгөн иш-чаралардын натыйжасында 2020-жылдын 25-ноябрында саат 9:40тар чамасында Кара-Кол шаарынан 30 миң сом акча каражатын алуу учурунда, Жалал-Абад облусунун тургуну, 1993-жылы туулган Т. уулу А. кармалган.


Ошондой эле, бул кылмышка тиешеси бар КРнын Өкмөтүнө караштуу ЖАМКнын башка мекемелеринин биринде мөөнөтүн өтөп жаткан, 1985-жылы туулган Ж.Р. аныкталган.


Мөөнөттөрүн өтөп жаткан экоо тең узак убакытка соттолгондор экендигин белгилей кетебиз. Азыркы учурда жашыруун жайды уюштуруучу жана бул кылмышка тиешеси бар жактарга карата, ошондой эле баңги каражаттарды мыйзамсыз өстүрүүчү жерди аныктоо боюнча сотко чейинки иликтөө иштери жүргүзүлүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

170