7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жалал-Абаддын башчысы: Вакцинациялоо боюнча түшүндүрүү иштерин күчөткүлө!

525

Бүгүн, 17-сентябрда президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев калк арасында вакцина алуунун пайдасы тууралуу түшүндүрүү иштерин күчөтүү талабын койду. Бул тууралуу «7-каналдын» Жалал-Абад облусундагы кабарчысы билдирди.

Облус башчысы COVID-19га каршы областтык штабдын онлайн жыйынында Майлуу-Суу, Кара-Көл шаарлары, Сузак жана Аксы районунда иш солгун жүргөнүн сынга алды. Бул багытта башка район-шаарларда да жумуш алгылыктуу эмес экенине токтолду. Бардык жетекчилер ошол аймактагы элдин ден соолугуна жооптуу экенин белгилеп, бир жуманын ичинде эмдөө өнөктүгүн сезилээрлик алдыга жылдыруу тапшырмасын берди.

Мындан сырткары жергиликтүү бийлик, медицина кызматкерлерине тынымсыз түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү табыштады. Облуста илдетке кабылгандар дагы да катталып жатканын айткан ыйгарым укуктуу өкүл, окуу жылынын башталышы менен калк арасындагы байланыш көбөйөөрүн, мындан улам бардык коомдук жайларда санитардык эрежелер сакталышы керектигин белгиледи.

Жалал-Абад облусунда жалпы 435 миң 112 жаран эмдөө алуусу керек. Учурда алардан 116 миң 818 адам эмделди.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

526