7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Жалалабатэлектрдин» мурдагы жетекчиси коррупция шектелип кармалды

762

“Жалалабатэлектрдин” мурдагы жетекчиси камакка алынды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Башкы прокуратура тарабынан “Жалалабатэлектр” ААКнун жооптуу кызматкерлерине карата электр энергиясына болгон дебитордук карыздарды мыйзамсыз баланстан чыгаруу фактысы боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (“Коррупция”) менен кылмыш иши козголгон.

Текшерүүдө, 2015-жылдын 1-январынан тартып 2020-жылдын 31-декабрына чейинки мезгил аралыгында “Жалалабатэлектрдин” кызмат адамдары мыйзамсыз аракеттерге барып, электр энергиясына болгон жалпы 113 млн 838 миң 100 сомдук карыздарды негизсиз эсептен чыгарышкандыгы аныкталган.

Кылмышка шектүү катары аталган коомдун мурдагы жетекчиси М.К.А. кармалып, Жалал-Абад ШИИБнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда тергѳѳ амалдары жүргүзүлүүдѳ.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

763