Бишкекте кызды мас абалында сүзүп кеткен айдоочу убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул тууралуу Бишкек ШИИБден билдиришти.
Кечээ Милициянын кайгуул кызматы унааны сүзүп, андан кийин кызды сүзүп, жол жээгиндеги мамыны сүзүп токтогон айдоочу кармалганын билдирген. Кыз оор абалда ооруканага жеткирилгени маалымдалган. Окуя Бишкектеги Чүй менен Исанов көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Кылмышка шектелип 27 жаштагы айдоочу кармалган. Анын мас абалында экендиги аныкталган. Кийинчерээк айдоочу сүзүп кеткен 26 жаштагы кыздын көз жумганы маалым болгон.