Бүгүн, 7-апрель күнү болжол менен саат 08:45 чамасында Субару-Форестер унаасы Бишкек шаарынын Чүй менен Исанов көчөлөрүнүн кесилишинен Опель-Астра унаасын сүзүп, эбегейсиз материалдык чыгым келтирди. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.
“Айдоочу жоопкерчиликтен качуу максатында окуя болгон жерден качып бара жатып, Исанов менен Киев көчөлөрүнүн кесилишинен жөө өтмөктөн 25-30 жаштагы кыз кишини сүзүп кеткен. Андар ары Бөкөнбаев менен Логвиненко көчөлөрүнүн кесилишинен жолдун жээгиндеги электр мамысын сүзүп токтогон. Учурда жөө жүргүнчү оор абалда ооруканага жеткирилди. Айдоочусун текшерүү учурунда Бишкек шаарынын 27 жаштагы тургуну алкоголдук ичимдик ичип алгандыгы аныкталды. Унаа айып аянтчага токтотулуп, тийиштүү экспертизалар дайындалды»,- деп айтылат маалыматта.