7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Евразия экономикалык комиссиясынын кеңешинин жыйыны өтүп, 7 маселе каралды

668

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошева Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Кеңешинин кезексиз жыйынын видеоконференция режиминде өткөрдү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, ЕЭК Кеңешинин жыйынынын күн тартибинде 7 маселе каралган.

Евразиялык экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердин экономикасынын туруктуулугун жогорулатууга багытталган чараларды ишке ашыруу маселеси каралды. Талкуунун жыйынтыгында номенклатурасы бардык тараптар менен макулдашылган товарлардын айрым түрлөрү үчүн ташып келүү бажы алымдарынын ставкаларын убактылуу баштапкы абалга келтирүү, ошондой эле анын кыска мөөнөттөрүн эске алуу менен товарлардын максаттуу киргизилишин тастыктоо зарылдыгынан баш тартуу, чараны практикалык ишке ашыруу процессин жөнөкөйлөтүү чечими кабыл алынды.

Белгилей кетсек, ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен макулдашылган товардык позициялардын тизмесине Кыргыз Республикасы тарабынан сунушталган 243 товардык позиция киргизилген.

Тышкы экономикалык иштин катышуучуларына административдик жүктү азайтуу максатында Бажы бирлигинин комиссиясынын 2011-жылдын 15-июлундагы № 728 «Бажы бирлигинин бирдиктүү бажы аймагына айрым категориядагы товарларды киргизүүдө бажы алымдарынан бошотууну колдонуунун тартиби жөнүндө» чечимине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө чечим кабыл алынды.

Бул чечимди ишке ашыруу товарлардын ЕАЭБ аймагында чет өлкөлүк товар статусунда болуу мөөнөтүн жана бажы алымдарын төлөө боюнча милдеттенмени токтотуу мөөнөтүн кыскартууга багытталган, бул өз кезегинде бажы көзөмөл мөөнөтүн, шарттуу түрдө тышкы экономикалык ишмердиктин катышуучуларына административдик жүктү кыскартууга багытталган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

669