7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жаман адамдын 8 белгиси. Кимге ишенүүгө болбойт экенин билип алыңыз!

6378

Адам чөйрөгө карап калыптанат. Андыктан сиздин ким экендигиңиз, кимдер менен достошкондугуңуздан көз каранды.  Начар адамдардын кесепетинен жабыркап калбаш үчүн, алардын кылган аракеттерине туура баа бергенди билишиңиз керек. Айкөлдүк жакшы, а бирок абай болуу андан да жакшы.

1. Майда-чүйдөгө чейин соодалашат

Мындай адам жашоодо “мага эмне кылып бере аласың, пайдаң тиеби же жокпу?” деген гана принципти карманат. Же байкуш болуп, же кыйын адам болуп көрүнүп сиздин жапакечтигиңизден пайдаланат өз көздөгөнүн ишке ашырып кетсе ошого маашырланат. Анын түпкү максаты — сизди пайдалануу.

2. Кооздоп сүйлөп, ооз көптүрөт  

Калп айтып кооздоп сүйлөп, өзүн көтөрмөлөйт, мактанат жана болбогон ишти болду деп айтканды жакшы көрөт.

3.  Башкалардын эмгегин сыйлабайт  

Башкалардын эмгегин сыйлабайт. Мисалы ишке кечигет жана  бул үчүн кечирим да сурбайт. Башка бирөөнүн буюмун сурабай колдонот. Өзүнүн жеке маселелерин айта берип жанындагыларды чыңалган абалга алып келет.

4. Жоопкерчиликтен качып кетет  

Кандай жагдай болбосун өзүнө жоопкерчилик албай, башкаларды күнөөлөп жагдайдан чыгып кеткенге аракет кылат.

5. Мактанып эл көрсүн деп иш кылат

Көп мактанат, мактангандын эмеси жаман дээрсиз? Бирок мындай адам кылган иши жок эле мактана берет.

6. Көрө албайт

Башка адамдардын ийгиликтери менен бактылуу болгонун көрө албай, аларга бут тосконду жакшы көрөт. Эгерде бирөөгө жакшы болуп жатканын көрсө ичи күйүп турат.

7. Бетиңизге айта албай артыңыздан көп айың кеп таратат  

Баардыгын акырын кылып, интрига уюштурганды жакшы көрөт. Тымызын жамандык кылганга маашырланат.

8. Баардык нерседен жамандык издейт   

Баардык адамдарды жаман деп ойлойт, алардын кылган ишинен жаман гана мотивдерди көрөт, мүнөздөрүн билип-билбей туруп жамандайт. Анткени элдин баарын өзүндөй деп ойлойт.

Эгер кокус ушундай адамдар менен бет келишсеңиз мамилени үзгөнгө колдон келишинче аракет кылыңыз! Акыры бир күнү анын кылтагына илинип зыян тартышыңыз толук мүмкүн!

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

6379