7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жанарбек Акаев олимпиаданын жеңүүчүлөрүнө 1 миллион 250 миң сом акчалай сыйлык тапшырды

131

Бүгүн мектеп окуучуларынын республикалык олимпиадасынын жеңүүчүлөрүн Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаевдин катышуусунда мугалимдер, окуучулар жана ата-энелер Ош эл аралык аэропортунан салтанаттуу тосуп алышты. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Шаар мэри олимпиадада алдыңкы орундарды багындырган окуучуларды жеңиши менен куттуктап, мугалимдерге ыраазычылык билдирди.

Калаа башчысы өз сөзүндө билимдүү жаштар — өлкөнүн келечеги экенин белгилеп, аларды даңазалоо жана коомго үлгү көрсөтүү максатында олимпиада жеңүүчүлөрүнүн сүрөттөрү шаардагы LED экрандарга жайгаштырылганын билдирди.

Быйыл Ош шаарынан олимпиадага 36 окуучу катышып, анын ичинен 8и жеңүүчү аталды. Командалык эсепте Ош шаары Бишкек шаарынан кийинки 2-орунду ээледи.

Белгилей кетсек, республикалык олимпиаданын IV этабы 27–28-мартта Бишкек шаарында өтүп, 322 окуучу 17 предмет боюнча катышты. Жыйынтыгында 19 окуучу 1чи орунду, 18 окуучу 2 орунду, 17 окуучу 3 орунду ээледи.

132