7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жандуу үн же фонограмма? Маданият министрлиги сурамжылоо кылды

441

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги 2023-жылдын 1-январынан тарта министрликке караштуу бардык мамлекеттик маданият жана билим берүү мекемелеринде (театр, оюн-зоок мекемелери, спорттук мекемелер, филармониялар, концерттик залдар, кинозалдар, клуб, музей, китепканалар) концерттик программаларда, маданий иш-чараларда, өздүк же ижаралык көрүнүштөргө карабастан, вокалдык аткаруучулук өнөр жандуу үн менен аткарылышы керек деген буйрук чыгарган.

Эгерде фонограмма менен ырдалган учурлар катталса жоопкерчилик ошол мекеменин жетекчилигине жүктөлөт.

2012-жылы Жогорку Кеңеш фонограммага тыюу салган мыйзам кабыл алган. Анын негизинде бир нече буйрук чыкканы белгилүү.

Бирок, ага карабай маданий иш-чараларда ыгы жок колдонулуп жаткан фонограммалар тууралуу маселе учурда да көтөрүлүп келет.

Бул ирет дагы бул буйрук аткарылбай калышы мүмкүн деген пикирлер орун алууда.

Андыктан, бул боюнча коомчулуктун пикирин күтөбүз. Активдүүлүктү көрсөтүп, төмөнкү суроолорго комментарий аркылуу жооп берүүңүздөрдү суранабыз.

1) Фонограммага тыюу салынышына пикириңиз?
2) Фонограмма тойлордо дагы тыюу салыныш керепи?
3) Сиз той берип калсаңыз, чакырган ырчыңыздын фонограммасыз ырдоосун талап кыла аласызбы?
4) Сиздин пикириңиз….

Коомчулуктун пикири маанилүү
#Элдинпикири
#Элталдайт
#Элтандайт

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

442