7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жаныбарлардын алгачкы крематорийи Балыкчыда ачылды

321

Балыкчыда республикадагы эң заманбап биологиялык калдыктарды жок кылуучу жай курулду. Бул тууралуу аталган шаардын мэриясы билдирет.

«Балыкчы шаарында эпизоотиялык бейпилдикти жана санитардык коопсуздукту камсыз кылуу максатында, таштанды таштоочу жайдын аймагында биологиялык калдыктар үчүн биометрикалык чуңкур (Беккари чуңкуру) жана крематорий курулуп бүткөрүлдү.

Жаңы объект шаардагы экологиялык абалды жакшыртууга, ар кандай инфекциялык оорулардын алдын алууга жана санитардык коопсуздукту жогорку деңгээлде камсыз кылууга шарт түзөт», — делет маалыматта.

Долбоордун негизги өзгөчөлүктөрү:

— Крематорий: Кытай Эл Республикасынан атайын жогорку технологиялуу крематорий печкасы алынып келинди.

— Каржылоо: Крематорий үчүн Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фонду тарабынан каражат бөлүнгөн.

— Техникалык параметрлери: Чуңкурдун тереңдиги 10 метрди түзүп, ички пайдубалына 40 см калыңдыктагы бетон куюлду.

— Инфраструктура: Аймак толугу менен тосулуп, биологиялык калдыктарды көзөмөлдөө үчүн атайын лаборатория курулду.

322