7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жапайы жаныбарлар мыйзамсыз кармалып турган

276

Кемин районунда жапайы жаныбарларды мыйзамсыз кармоо фактысы аныкталды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен кабарлады.

Текшерүүнүн жүрүшүндө Кызыл китепке кирген 2 дикобраз жана 15 кекилик кармалып жатканы белгилүү болду. Ал эми ээси бул жаныбарларды кармоого уруксат берүүчү тиешелүү документтерди көрсөтө алган эмес. Уруксаты жок кармалган жаныбарлар мыйзамсыз алынган деп эсептелет жана аларды сатып алууга, сатууга жана кармоого тыюу салынган.

Жаныбарлар NABU Жаратылышты коргоо уюмуна өткөрүлүп берилди. Бул окуя боюнча материалдар Кемин РИИБге жөнөтүлүп, териштирүү иштери уланууда.

277