Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров өлкөдөгү билим берүү тармагындагы актуалдуу маселелер боюнча жыйын өткөрдү.
Жыйындын жүрүшүндө билим берүү тармагын реформалоонун, анын ичинде мектепке чейинки жана мектептеги билим берүүнүн негизги багыттары талкууланды.
МинКаб башчысы коомдо нааразылык жараткан борбор калаадагы №1 интернат-гимназияда болуп өткөн окуяларды катуу сынга алып, мектеп окуучуларын чыр-чатактарга тартууга жана колдонууга жол берилбестигин белгиледи.
Жыйындын соңунда Акылбек Жапаров бир катар тапшырмаларды берди.