7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жапаров Афганистандын тоңдурулган 9 млрд долларын кайтарып берүү керектигин айтты

140

Президент Садыр Жапаров Нью-Йоркто БУУнун Башкы Ассамблеясынын 80-сессиясынын Жалпы дебаттарында Афганистандын тоңдурулган активдерин кайтарууга чакырып, Афганистанды эл аралык изоляцияга алуу жана каржылык жардамсыз калтыруу туура эместигин белгиледи.

Президент геосаясий максаттарды көздөп, каржылык инструменттерди колдонуу гуманитардык кризисти курчутарын белгилеп өттү.

Ал Батыш өлкөлөрү тарабынан тоңдурулган 9 миллиард доллардан ашык акча каражаты афган элине кайтарылышы керек деп өзгөчө белгиледи.

Аталган каражаттар инфраструктураны калыбына келтирүүгө, жергиликтүү банк системасын колдоого, айыл чарбасын өнүктүрүүгө жана миллиондогон адамдарга жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө жардам бермек.

“Силер бул каражаттарды ушул тапта өзүңөр колдонуп, пайда көрүп жатасыңар”, — деп белгиледи ал.

Президент бүгүнкү күндө Афганистанда 15 миллион адам ачкачылыкка дуушар болсо, 24 миллион адам гуманитардык жардамга муктаж болуп турганын эске салды.

141