7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жапаров: “Ай, ошо да кеппи. Төлөп коём” дегендер байлар. Колунда жоктор 1 лампочкасын да өчүрөт

1530

Садыр Жапаров коомдо кызуу талкууланып жаткан маселелер боюнча маалымат жана түшүндүрмө берди. Бул тууралуу ал өзүнүн Facebook баракчасына жазган.

Анын айтымында, азыркы учурда Кыргызстан электр энергиясын Түркмөнстандан алып жатат.

Электр энергиясы боюнча.

Азыр электр энергиясын Түркмөнстандан алып жатабыз. Кечээ Тажикстан да өз сунуштарын берип, алардан да ала баштадык. Казакстан менен Өзбекстан да мурдагы келишимдерге ылайык Электроэнергия берип жатышат.

Биз кошуна өлкөлөрдөн бүгүн эле электро энергияны импорт алып жаткан жокпуз.

2010-жылдан бери бүгүнкү күнгө чейин электр энергиясын импорттоп келе жатат экенбиз.

Буга чейин импорттун баасы канча экен дебейсиздерби?

2014-жылдан бери бир киловатты 5 сомдон алып, элге 0,77 тыйындан берип келишкен экен. Ортодогу айырма элдин эсебинен, тагыраагы казнадан кеткен чыгым болуп келген. Бир нече миллиарддаган сомдор чыгым болуп кеткен. Мен мындай кыянатчылыкка, шалаакылыкка жол берген жокмун.

Учурда эки сомдун тегерегинде алып жатабыз.

Менин тапшырмам менен Энергетика министри элден “Күндүз светти өчүргүлө, үнөмдөгүлө, «Токтогулдагы» суубузду сактап калалы” деп суранды. Ал сууну биз сугатка пайдаланбайбыз. Өзбекстан менен Казакстан пайдаланат. Биз электр кубатына гана пайдаланабыз.

Эгер өзүбүздүн жеке кызыкчылыгыбызга карап, электр кубатын алуу үчүн эле пайдалансак, Токтогулдагы суубуз кышка кеңири жетет.

Бирок жаздан баштап кайра кышка чейин сууну толтуруш үчүн “Токтогулду” толук жабышыбыз керек болот.

Андай кылсак, анда кошуна мамлекеттер жайында суусуз калышат.

Анда кошуна өлкөлөрдө кургакчылык болуп, бул жалпы баарыбыз үчүн оор кесепетке алып келет. Ошондуктан биз кошуна өлкөлөрдүн да камын ойлонушубуз керек. Ошого жараша алар да бизге электр энергиядан жардам берип жатышат.

Ал эми электр энергиясын сарамжал пайдаланбай, кайдыгер мамиле жасап жаткан жарандарыбыз жөнүндө сөз кылсак, алар үчүн электр кубаты арзан баада болуп жатат. Эгер кошуна өлкөлөрдөй бир килловаты биздегидей 0,77 тыйын эмес, 5 сомдон болгондо, башкача мамиле кылмаксыңар.

Министрлик рейд жасаган учурда көрдүк го. Унаа оңдоочу жайларда, кафе-ресторандарда, базарларда күндүз жарык жанып турат.

Бул эмнени билдирет?

Бул бизде электр энергиясы арзан дегенди билдирет.

“Ай, ошо да кеппи. Төлөп коем” дегендер демек колунда бар адамдар.

Ал эми колунда жоктор бир лампочкасын өчүрүп, үнөмдөп турушат.

Ошон үчүн жазда тариф маселесин көтөрүп, эки категорияга бөлөлү:

аярлуу катмарга 0,77 тыйын кылып калтырып, чекти алып, бай жашаган катмарга тарифти көтөрөлү дегенимде, ага да каршы чыккандар болушту “элди бай-кедей кылып бөлбө” деп. Макул, балким, бара-бара терең түшүнгөндөн кийин макул болорсуңар?

Убакыт керек.

И баса, акыркы 10 жылда бир дагы ГЭС салбаптырбыз. Элдин саны болсо өсүп атат. Албетте, электр кубатына болгон суроо- талап мурдагыдан 3 эсеге өстү. Азыр эми ГЭСтерди өз күчүбүз менен эле сала баштадык. Кудай буюрса, 2024-2025-жылдарга барып энергетикалык таңкыстыктан чыгып, экспорттоого жетишебиз.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1531