7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жапаров: Ар бир жарандын жашоо шарты үчүн элимдин алдында өзүмдү жоопкер сезем

1127

«Мен өлкө башчысы жана аткаруу бийлигинин жетекчиси катары Кыргызстандагы ар бир жарандын жашоо шарты үчүн өзүмдү жоопкер, элимдин алдында өтө милдеттүү сеземин», — деп билдирди Садыр Жапаров Министрлер кабинетинин жыйналышында.

Мамлекет башчысы 2026-жылга чейин КРнын өнүктүрүүнүн улуттук программасын ишке ашыруу боюнча Министрлер кабинетинин иш-чараларынын планы тууралуу маселеге токтолду.

«Биз өтө кескин аралыкта саясий турбуленттүүлүктөн чыктык, саясий кризистер бүттү. Ири шайлоолор өттү. Эми иштешибиз керек. Эми алдыга койгон максаттарыбыз, пландарыбыз боюнча сүйлөшөлү. Биздин максат — жаңы Кыргызстанды куруу.

Ал эми жаңы Кыргызстан:

  • өткөн тарыхына — сыймыктанган,
  • бүгүнкү жашоо-турмушуна — канааттанган,
  • келечегине — оптимизм менен караган эркин жарандардын өлкөсү болууга тийиш!

Жакынкы 5 жыл аралыгында мамлекеттик саясат жаңы Кыргызстанды курууга, жарандардын ишенимин, ынтымак-биримдигин арттырууга, активдүүлүгүн, жаратмандык потенциалын жогорулатууга, ошондой эле жашоо сапатын жакшыртууга, укуктарынын корголушун камсыздоого багытталат, — деди ал.

«Мен өлкө башчысы жана аткаруу бийлигинин жетекчиси катары Кыргызстандагы ар бир жарандын жашоо шарты үчүн өзүмдү жоопкер, элимдин алдында өтө милдеттүү сеземин. Андыктан менин командам мамлекеттик системада жана экономикада структуралык чоң реформаларды жүзөгө ашыруу менен алектенүүдө деп билемин. Өзүңүздөр билгендей, 2026-жылга чейин КРнын өнүктүрүүнүн улуттук программасын кабыл алдык.

Бүгүн аны ишке ашыруу үчүн:

  •  кандай чараларды кабыл алабыз?
  • кандай натыйжаларга жетебиз? — ушулар боюнча кеңири сүйлөшөбүз.

Жыйындын аягында планды Министрлер кабинетинин токтому менен бекитебиз», — деп белгиледи Садыр Жапаров.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1128