7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Арзыбек Кожошев ЕЭК кеңешинин жыйынына катышты

579

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев Евразия экономикалык комиссиясынын видеоконференция режиминдеги кезектеги жыйынына катышты.

Маалыматка ылайык, кеңешменин алкагында соода, агроөнөржай, эл аралык кызматташтык жана интеграцияланган маалыматтык тутумга тийиштүү маселелер каралды.

ЕЭК Кеңеши ЕАЭБ алкагында айыл чарба продукциясына кампа күбөлүктөрүн чыгаруу (берүү), жүгүртүү жана төлөө эрежелери жөнүндө макулдашуунун долбоорун жактырды. Документсиз кампа дүмүрчөктөрүн жүгүртүү электрондук сооданы, экспортту өнүктүрүүгө, айыл чарба өндүрүүчүлөрү үчүн кредиттердин жеткиликтүүлүгүнө, рыноктун конъюнктурасын эске алуу менен товарларды сатууга, дүң сатуу борборлорун өнүктүрүүгө жана рыноктун ачыктыгына өбөлгө түзөт.

Аталган маселени кароонун жыйынтыгында ЕЭК Коллегиясына мүчө мамлекеттер менен бирдикте 2022-жылдын 1-майына чейин Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин кароосуна жетекчилер кеңешин түзүү жөнүндө чечимдин долбоорун даярдоону жана киргизүүнү камсыз кылуусу тапшырылды.

Кеңештин негизги милдеттери энергетика тармагында узак мөөнөттүү жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты камсыз кылуу, макулдашылган энергетикалык саясатты ишке ашырууга жана ЕАЭБ алкагында энергетикалык ресурстардын жалпы рынокторун баскычтуу калыптандырууга көмөк көрсөтүү болуп саналат.

  • Тараптар ошондой эле жаңы коронавирустук инфекциянын (COVID-19) жайылышы менен байланыштуу жагымсыз эпидемиологиялык кырдаалда массалык түрдө өндүрүлгөн продукцияны сертификациялоо үчүн колдонулуучу убактылуу иш-чаралардын мөөнөтүн 2023-жылдын 10-январына чейин узартууну караган ЕЭК Кеңешинин чечимин кабыл алды.
  • 2014-жылдын 23-декабрындагы Евразия экономикалык биримдигинин алкагында медициналык багыттагы буюмдарды (медициналык буюмдар жана медициналык техника) жүгүртүүнүн бирдиктүү принциптери жана эрежелери жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Протоколдун долбоору жактырылды.
  • Аталган өзгөртүүлөр ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин ички жол-жоболорду аткаргандыгы жөнүндө акыркы жазуу жүзүндөгү билдирүүнү дипломатиялык каналдар аркылуу депозитарий алган күндөн тартып улуттук эрежелерге ылайык медициналык багыттагы буюмдарды каттоо жол-жобосун 12 айга чейин узартуу бөлүгүндө киргизилди, бул Макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Протоколдун долбоорунун күчүнө кириши үчүн зарыл.
  • 2014-жылдын 23-декабрындагы Евразия экономикалык биримдигинин алкагында медициналык багыттагы буюмдарды (медициналык буюмдар жана медициналык техника) жүгүртүүнүн бирдиктүү принциптери жана эрежелери жөнүндө макулдашууга ылайык, 2022-жылдын 1-январынан тартып медициналык багыттагы буюмдарды каттоо жана экспертизалоо ЕАЭБ талаптарына ылайык гана жүргүзүлөт.

Белгилей кетсек, Казакстан Республикасынын төрагалыгы астында ЕЭК Кеңешинин жыйыны үстүбүздөгү жылы акыркы ирет өтүп жатат.

 

 

 

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

580