7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Эмне үчүн элди оокат кылуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратып жатасыңар». Жапаров министрликти сынга алды

1051

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү бийлик органдарынын жана мамлекеттик аткаруу бийлик органдарынын жетекчилери менен кеңейтилген кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

Акылбек Жапаров иш күндөрү бодо малды жана майда мал-жандыктарды сатууну токтотуу боюнча Айыл чарба министрлигинин демилгесин сынга алды.

«Эмне үчүн элди оокат кылуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратып жатасыңар. Базарларда шарт түзүүнүн ордуна, сооданы таптакыр жокко чыгаруу туура эмес. Бардык мал базарлардын аймагына асфальт төшөңүздөр. Жаздын келиши менен ал жердеги ылайдан жүрүү мүмкүн эмес болуп калат. Бирок элдин айласы жок, ушундай антисанитардык шарттарда иштөөгө туура келүүдө. Ошондуктан аймактардагы бардык мал базарларды иретке келтирүү зарыл. Келиңиздер, ишибизди чын ыкыласбыз менен аткарып, мекендештерибиздин көйгөйлөрүн чечүүгө жардам берели», — деди Акылбек Жапаров.

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1052