7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жапаров “Binance” компаниясынын маркетинг боюнча глобалдык директору менен жолукту

24

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 6-октябрда, Binance компаниясынын маркетинг боюнча глобалдык директору Рейчел Конлан менен жолугушту. Бул тууралуу Президенттик Администрациясынын басма сөз кызматы билдирди.

Виртуалдык активдер жана блокчейн технологиялары жаатындагы заманбап чечимдерди киргизүүнү камтыган санарип экономикасын өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелери талкууланды.

Мамлекет башчысы Виртуалдык активдерди жана блокчейн технологияларын өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин Катчылыгы улуттук валютага – сомго байланган KGST жаңы санариптик активин чыгаруунун үстүндө иштеп жатканын белгиледи.

Президент ошондой эле Улуттук банк менен биргеликте мамлекеттик электрондук валюта – санарип сом долбоору боюнча иш жүрүп жатканын белгилеп өттү. Платформанын демо-версиясы сыноо режиминде иштеп жатат.

Жакынкы аралыкта аны реалдуу маалыматтарды колдонуу менен сыноо пландаштырылууда. Келечекте санарип сомду өлкө ичинде жана эл аралык эсептешүүлөрдө колдонууну кеңейтүү үчүн KGST менен интеграциялоо каралган.

Рейчел Конлан өз кезегинде Садыр Жапаровго жергиликтүү санариптик активдердин экосистемасын түзүү боюнча активдүү позициясы үчүн ыраазычылык билдирип, өлкөнүн демилгеси кеңири эл аралык кызыгууну жаратып жатканын белгиледи.

Ал Binance компаниясынын кеңири өнөктөштүк тармагы жана колдонуучулардын ири базасы бар экенин, бул долбоорду илгерилетүүгө көмөктөшө аларын баса көрсөттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө Рейчел Конлан Binance негиздөөчүсү Чанпэн Чжаонун Кыргызстанга болгон сапары эл аралык резонанс жаратканын белгилеп, Binance командасы кийинки этаптарга, анын ичинде узак мөөнөттүү илгерилетүү, коммуникация жана билим берүү демилгелерине катышууга даяр экенин билдирди.

Жолугушуунун жыйынтыгында инновациялык жана коопсуз санарип экономикасын өнүктүрүүгө багытталган демилгелерди колдоо, тажрыйба алмашуу жана кызматташтыкты мындан ары да тереңдетүүгө болгон өз ара кызыкчылык тастыкталды.

25