7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жапаров: Бирликтин аркасында өз ара соода жүгүртүү дээрлик 100 млрд долларга жетти

14

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 21-декабрда, Россия Федерациясына болгон иш сапарынын алкагында Санкт-Петербург шаарында Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин жыйынында сөз сүйлөдү.

Буга чейин Евразия экономикалык бирлигине мүчө-мамлекеттердин башчыларынын тар курамдагы жолугушуусу өтүп, ага Армениянын Премьер-министри Никол Пашинян, Беларусь Президенти Александр Лукашенко, Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев жана Россиянын Президенти Владимир Путин да катышты.

Андан соң Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёевдин (байкоочу өлкө), Индонезиянын соода министри Буди Сантосонун жана видео кайрылуу менен чыккан Кубанын Президенти Мигель Диас-Канель Бермудестин катышуусунда кеңейтилген форматта жыйын болуп өттү.

ЕАЭБдин ишмердүүлүгүнүн негизги маселелери талкууланып, интеграцияны тереңдетүүнүн мындан аркы багыттары аныкталды.

Садыр Жапаров өтүп бара жаткан жылдын жыйынтыгын чыгарып, биргелешкен аракеттер менен Бирлик аны туруктуу жана уюшкандыкта өткөргөнүн баса белгилеп, 2025-жыл Бирликтин өлкөлөрүнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсү үчүн маанилүү иш-чараларга бай болгонун: Бирликтин экономикалык туруктуулугун камсыз кылууга, ички рынокту чыңдоого жана кооперациялык байланыштарды өнүктүрүүгө жетишилгенин айтты.

“Биздин Бирликтин алкагындагы экономикалык кызматташтык жөн гана өнүгүп жаткан жок – ал күч алууда. Өз ара соода жүгүртүү дээрлик 100 млрд АКШ долларына жетти жана бул жөн гана сандар эмес. Бул – ишенимдин, өз ара колдоонун жана өлкөлөрүбүздүн бири-бирине болгон чыныгы кызыгуусунун көрсөткүчү”, — деди Мамлекет башчысы жана өз ара соодада толук кандуу ишке ашырыла элек чоң потенциал бар экенин белгиледи.

Ал бул үчүн жалпы соода жүгүртүүдөгү өз ара сооданын үлүшүн көбөйтүүгө багытталган натыйжалуу чараларды даярдоо жана ишке ашыруу зарылдыгына токтолду.

Садыр Жапаров тоскоолдуктар жана чыгымдар канчалык аз болсо, Бирлик ошончолук туруктуу жана анын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгү ошончолук жогору болорун өзгөчө белгиледи.

“Мүчө-мамлекеттер улуттук деңгээлде чечим кабыл алууда сооданын ачык-айкын, туруктуу жана болжолдуу шарттарын камсыз кылуу зарылдыгын толук эске алышы керектигин маанилүү деп эсептейм”, — деди Президент.

Садыр Жапаров Кыргызстандын быйылкы көрсөткүчтөрүнө токтолуп, өлкө оң динамиканы сактап калууга жетишкенин баса белгиледи. 11 айдын жыйынтыгы боюнча ИДП 10,2%га өстү — өсүш өнөр жайда, курулушта, тейлөө чөйрөсүндө жана айыл чарбасында катталды.

Мамлекет башчысы өлкөлөрдүн экономикалык туруктуулугунун өз ара байланышкан элементтери катары азык-түлүк жана энергетикалык коопсуздук артыкчылыктуу багыт экенин ырастады.

Бул контекстте Садыр Жапаров агрардык азык-түлүк секторун чыңдоого, калкты коопсуз жана жеткиликтүү азык-түлүк менен камсыздоого, фермерлерди жана өндүрүүчүлөрдү колдоого, өндүрүштүн заманбап технологияларына инвестиция тартууга мүмкүндүк берүүчү конкреттүү чаралар боюнча макулдашууну сунуштады.

Мамлекет башчысы ЕАЭБдин 2026-жылга карата эл аралык ишмердүүлүгүнүн негизги багыттары жөнүндө айтып жатып, бул документ экономикалык өсүштү өбөлгөлөөгө, өз ара сооданы, инфраструктураны жана инновацияларды өнүктүрүүгө багытталганын белгиледи.

“Биз өнөктөштүк географиясын кеңейтүү жана эркин соода жөнүндө макулдашууларды түзүү багытын ырааттуу колдойбуз, аларды ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин экономикасынын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуунун натыйжалуу куралы катары карайбыз”, — деди Садыр Жапаров жана Бирликтин өлкөлөрүнүн бизнеси ушул жылы Монголия, Бириккен Араб Эмираттары, Иран жана Индонезия менен түзүлгөн макулдашуулар ачкан мүмкүнчүлүктөрдөн толук пайдаланат деген ишенимин билдирди.

Мамлекет башчысы сөзүнүн аягында Кыргызстан Өзбекстан менен соода чөйрөсүндө маалымат алмашуу боюнча келишим түзүү тууралуу сүйлөшүүлөрдүн башталышын кубаттай турганын, бул өз ара аракеттенүүнү тереңдетүүгө, соода жол-жоболорунун ачыктыгын жогорулатууга жана бажы кызматтарынын ортосундагы ишенимди бекемдөөгө өбөлгө түзөрүн баса белгиледи.

Президент Садыр Жапаров ошондой эле Кыргызстан евразиялык интеграцияга берилгендигин жана Бирликтин ишмердүүлүгүнүн бардык багыттары боюнча конструктивдүү жана натыйжалуу иштөөгө даярдыгын ырастады.

15