Бүгүн, 16-октябрда Президент Садыр Жапаров Борбор Азия өлкөлөрүнүн Коопсуздук кеңештеринин катчыларын жана Индия Республикасынын Премьер-министринин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчисин кабыл алды. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти.
Мамлекет башчысы учурда чыңалган эл аралык кырдаалда туруктуу өнүгүү үчүн, эң ириде, бардык мамлекеттер менен тынч жана достук мамилелерди сактоо абдан маанилүү экенин баса белгиледи. Ал эми терроризм жана экстремизм менен катар, мыйзамсыз миграция жана киберкоопсуздук сыяктуу трансулуттук тобокелдиктер да өлкөлөрдүн саясий туруктуулугуна коркунуч жаратып келет.
“Мындан улам, трансулуттук мүнөзгө ээ болгон терроризм менен натыйжалуу күрөшүү биргелешкен аракеттер аркылуу гана жүрүшү мүмкүн”, — деди Садыр Жапаров.
Өз кезегинде, Борбор Азия өлкөлөрүнүн коопсуздук кеңештеринин катчылары жана Индиянын Премьер-министринин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси эки жана көп тараптуу кызматташтыкты чыңдоого даяр экендиктерин билдиришти. Ошондой эле, азыркы шартта «Борбор Азия – Индия» форматындагы диалогго суроо-талап бар экенин белгилешти.
Коопсуздук кеңештеринин катчылары коопсуздук жаатындагы маселелерди чечүүдө координацияланган ыкманы иштеп чыгуу зарылдыгын да баса белгилешти.