7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жапаров эл аралык сотторго чыгымдардын баарын далилдей аларын билдирди

610

Акылбек Жапаров эл аралык сотторго кайрылууга даяр экенин билдирди. Бул тууралуу ал бүгүн, 20-майда Жогорку Кеңеште берген маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, кыргыз тарап келтирилген чыгымдарды, зыяндардын баарын далилдей алат.

«Биздин экология бузулуп жатат деп кыргыз өкмөтү же мамлекеттик комиссия берген жок, муну жарандар берип, сотко кайрылып жатышат. 3 млрд 86 млн доллар талабыбызды макул деп коргоп беришти. Биз келтирилген чыгымдардын баарын далилидей беребиз. Чет элдик, эла аралык уюмдун баарын чакырабыз. Бүгүнкү күндө бизге келтирилген чыгымдардын көлөмү 4 млрд 202 млн доллардан ашты, ушунун негизинде Кыргызстандагы сотторго, эл аралык сотторго дагы кайрылууга даярбыз. Бул үчүн 1 миң 500 барактан турган тастыктама даяр, учурда англис тилине, кыргыз тилине которуп жатабыз. Бизде канча флешка болсо баарын сиздерге беребиз. Мына комиссия өзүнүн бүтүмүн Жогорку Кеңешке алып барды, эч кандай фейк эмес болгону факт менен, баарын өзүңүздөр көрүп чыксаңыздар болот. Кумтөрдүн айынан 66 жараныбыз майып болсо, 19 каза болгон. Чет элден келгендердин орточо айлыгы 51 миң долларды түзгөн, качан гана биздин экологияга зыян келтиргенин билгенде «биздин эч кандай күнөөлүз жок», — деп өлкөдөн чыгып кете беришкен, жана алар ошол жердеги мастерлерди, бригадирлерди күнөөлөп ишти жаап коё беришкен. Бул боюнча дагы 2018-жылы,2020-жылдары каза болгон жарандарыбызга карата кылмыш иши козголду. Мындан сырткары, коопсуздук тутутумунун баары өсчүрүлгөнүнө байланыштуу, Жогорку Кеңеште кезексиз жыйын өткөрдүк. Эмне үчүн биринчи этабында мындай ачык иш алып барган эмеспиз. 2006-2007-жылдары анда Атамбаев премьер-министр комиссиянын төрагасы, мен жумушчу топту жетектегем. Анда биз талаш-тартышсыз прессалар менен ачык иш алып барганбыз, 2003-жылы декабрда өкмөттүн отуруму болбой, бизди кантип алдагандарынын фактылары бары бизде бар болчу. Ал жакта Комека деген жалгыз бир мүчө бар эле, биз аны менен бетме-бет журналисттер, оппозиционерлер жана бүт кыргыз эли биригип күрөшкөнбүз. Бул саамда болсо бөлөк акционерлер абдан көп, ошондой эле биздеги маалыматтар улам-улам чыгып кетип жатты. Ошондуктан президенттин прессасы менен иштешип жаттык», — дейт ал.

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

611