7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жапаров: Эл колдосо, эртеңден баштап жаңы Конституция менен жашайбыз

676

Президент Садыр Жапаров 11-апрелде жергиликтүү кеңештерге шайлоо жана референдум үчүн добуш берип, андан кийин сөз сүйлөдү. Ал анда элди шайлоого активдүү катышууга чакырып, Кыргызстан биринчи жолу өзүнүн Конституциясын кабыл алып жатканын айтты.

«Бүгүн жалпы элдик референдум жана жергиликтүү кеңештерге шайлоолор өтүп жатат. Мен сиздерди активдүү катышып берүүңүздөрдү суранам. 30 жыл аралыгында биздин Конституциябызга көптөгөн өзгөртүүлөр киргизилди. Бирок биз кайсы бир мамлекеттен же болбосо кайсы бир булактардан Конституциянын долбоорун көчүрүп жазып алып, ошону менен 30 жыл жашап келдик.

Биринчи жолу Конституциянын долбоорун биздин аксакалдардын, академиктердин, юридика илимдеринин докторлорунун, 100гө жакын адамдын катышуусунда биринчи жолу өзүбүз иштеп чыгып, ачык талкуу менен даярдап чыккан Конституциянын долбооорун кабыл алуу алдында турабыз. Эгер бүгүн бул долбоорду эл колдоп берсе, эртеңден баштап жаңы Конституциянын долбоору менен жашай баштайбыз».

11-апрелде президент Садыр Жапаров жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жана референдум үчүн добуш берди. Ал Чоң-Арыктагы №1053 шайлоо тилкесинде добуш берди.

Бүгүн Кыргызстанда жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жана референдумга добуш берүү өтүп жатат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

677