7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жапаров ИИМдин жаңы үлгүдөгү материалдык-техникалык жабдууларын көрүп чыкты

879

Садыр Жапаров бүгүн, 24-августта, Ички иштер министрлигинин (ИИМ) жаңы үлгүдөгү материалдык-техникалык жабдууларын көрүп чыкты.  Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Малыматка ылайык, мамлекет башчысы Ички аскерлердин 80 жылдыгына карата салтанаттуу иш-чарага катышкандан кийин, Ички иштер министрлигинин борбордук аппаратынын оңдоп-түзөөдөн өткөн имараты менен таанышкан.

Өлкөнүн бардык облустарында жана шаарларында эл көп чогулган жерлердеги абалды акылдуу камералар аркылуу онлайн режиминде көзөмөлдөгөн Ыкчам башкаруу жана координациялоо борборуна өзгөчө көңүл бурду. Ошону менен бирге Садыр Жапаров Патрулдук милициянын жаңы техникалары, алардын ичинде электрмотоциклдер, автоунаалар, курал-жарак, портативдик көчмө радиостанциялары жана башка атайы жабдуулар менен таанышты.

Мындан сырткары, милициянын участкалык  инспекторлорунун жайкы, кышкы, күзгү-жазгы жана күнүмдүк варианттарындагы жаңы формаларынын комплектисинин макеттери көрсөтүлдү. Аларды ошондой эле кызматтык планшет жана көкүрөк-камера менен жабдышат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

880