7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстанда 300дөн ашык лидер аялдардын катышуусунда алгачкы Курултай өтөт

802

25-августтан баштап сентябрь айынын аягына чейин Кыргызстандын тарыхында алгачкы Курултайдын үч этабы Чүй, Ош жана Нарын аймактарында өтөт. Ага 300дөн ашык лидер аял катышат.

Маалым болгондой, Курултай активист аялдардын демилгеси менен Жогорку Кеңештин төрагасынын алдындагы Аялдардын укуктары жана гендердик зомбулуктун алдын алуу боюнча кеңешинин жана Аял депутаттар Форумунун колдоосу менен уюштурулууда. Иш-чара өлкөдө болуп жаткан социалдык-экономикалык жана саясий өзгөрүүлөрдү, ошондой эле аялдар кыймылынын коомдогу ордун жана ролун талдоого багытталган.

Өлкө ар кандай окуяларды башынан өткөрүп, аялдардын башына келген чоң жоготууларга учурап эле тим болбостон, коомду түп-тамырынан бери өзгөртө турган саясий өз ара аракеттенүүнүн жаңы формаларына, жаңы типтеги потенциалга ээ болду. Кыргызстандык аялдар улам жаңы тармактарды өздөштүрүп, адатта эркектин жумушу деп эсептелген финансы, бизнес, илим, саясат, спорт, айыл чарбасы сыяктуу жана башка тармактарда ийгилик жаратууда. Кыргызстандын лидер аялдарынын Курултайы аялдардын прогрессивдүү жана баа жеткис тажрыйбасын аныктоо, изилдөө жана талкуулоо үчүн көп кырдуу аянтча болот. Бул аянтча аялдардын жана кыздардын ийгиликтүү баяндарын жайылтуу мүмкүнчүлүгүнө айланат. Кыз-келиндердин татыктуу чоң салымын баалабай туруп, өлкөнүн саясий, социалдык жана экономикалык өнүгүүсү мүмкүн эместигин ырасташат.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын президентинин администрациясынын өкүлү, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин, министрликтердин жана ведомстволордун өкүлдөрү, ошондой эле эл аралык уюмдардын өкүлдөрү чакырылган. Курултайдын жыйынтыгында гендердик теңдикке жетүү үчүн реалдуу аракеттерди көрүү жана аялдардын лидерлигин өнүктүрүү үчүн жетиштүү шарт түзүү боюнча чечим кабыл алуу, ошондой эле Резолюцияны иштеп чыгуу пландалууда.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

803