Маалыматка ылайык, Дауешов өнөр адамдары ортосундагы өтүп жаткан «Сармерден» айтышына катышат.

Эске салсак, Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 30 жылдыгына арналып уюштурулуп жаткан “Сармерден” оюну Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясында өтөт. Кечээ, 23-августта, Кыргызстанга Казакстандын өнөр адамдары келишкен. Учурда даярдык иштери жүрүүдө.

«Сармерден» оюну 24-25-күндөрү өтүп, анда кыргыз кыздары менен казак жигиттери, ошондой эле казак кыздары менен кыргыз жигиттеринин таймашуусу күтүлүүдө. Иш-чара кечки саат 18:00дө башталат.