Өлкө башчы Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамга кол койду.
Маалым болгондой, мыйзам 2025-жылдын 11-сентябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.
Бул Мыйзамдын максаты Аялдарга карата зомбулукту жоюу жөнүндө декларация боюнча (Генералдык Ассамблеянын 1993-жылдын 20-декабрындагы 48/104 резолюциясы менен кабыл алынган) Кыргыз Республикасынын эл аралык милдеттенмелерин аткаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу, Аялдарга карата басмырлоонун бардык түрлөрүн жоюу жөнүндө конвенцияны (Генералдык Ассамблеянын 1979-жылдын 18-декабрындагы 34/180 резолюциясы менен кабыл алынган), ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-сентябрындагы № 513 Кыргыз Республикасында гендердик теңчиликке жетүү боюнча 2022–2024-жылдарга улуттук иш-аракеттер планынын 8-максатынын 25.2-пунктун ишке ашыруу болуп саналат.
Мыйзам менен Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине жана Кыргыз Республикасынын “Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө” Мыйзамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталат:
— камактын мөөнөтүн жети суткадан он төрт суткага чейин көбөйтүү;
— үй-бүлөлүк зомбулукка байланыштуу укук бузууларды жасагандыгы үчүн сот тарабынан үч айга чейинки мөөнөткө дайындалуучу электрондук байкоо жүргүзүү менен тыюу салууларды жана (же) чектөөлөрдү киргизүү;
— “Үй-бүлөлүк зомбулук” аттуу 70-беренени “куугунтуктоо” түшүнүгү менен толуктоо;
— үй-бүлөлүк зомбулук менен байланышкан укук бузууну жасаган адамдын оңдоп-түзөөчү программадан же белгиленген электрондук байкоо жүргүзүү менен тыюу салууларды жана (же) чектөөлөрдү өтүүдөн баш тартуусу үчүн жети суткадан он төрт суткага чейин камакка алуу түрүндө жаза чарасын колдонууну бекитүү;
— ички иштер органдарына үй-бүлөлүк зомбулук жөнүндө ар бир билдирүү боюнча тобокелдиктерге баа берүү боюнча ыйгарым укуктарды бекитүү.