7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жапаров үй-бүлөсү менен жарыкты кантип үнөмдөйт?

592

Жогорку Кеңштин депутаты Гуля Кожокулова Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кыргызстандыктарды жарыкты үнөмдөөгө чакырганын эскертип, өзү кантип үнөмдөйт экенин сурап өттү.

«Биз резиденцияга көчкөн эмеспиз, өзүбүздүн үйдө эле жашап жатабыз. Балам Кытайга барып келгенден кийин ары-бери басып эле лампочканы өчүрө берет. Биз да үйдүн ичинде  жарыкты үнөмдөөгө аракет кылып жатабыз.

Ал эми, кеңседечи деген суроосуна «Бюджеттик уюмдар үчүн тарифтер көтөрүлгөн. Ошондуктан ар бир мекеменин жетекчилери кызматкерлерин жарыкты үнөмдөөгө чакырууда. Эмдиги жылдан баштап лимиттерин азайта баштайбыз. Күн энергиясына өтө баштадык. Аны толугу менен колдонобуз. Долбоорлору бүтүп калды, биринчи Энергетика министрлигинен баштайбыз. Элдин жашоо-турмушу оңолгон сайын ар бир үйдө кондиционер коюлуп калды. Мындан улам электр энергиясына кышында эле эмес, жайында деле күч келүүдө»,- деп жооп берген Жапаров.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

593