7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жапаров: Элге көмүр жетишсиздиги жана анын сапатынын начардыгы деген маселелер жаралбашы керек

681

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кавак күрөң көмүр кенинде иштеген ишкана жетекчилери менен кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Министрлер кабинетинин башчысы күз-кыш мезгилине чейин ишти сапаттуу жана өз мөөнөтүндө жүргүзүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

«Келерки кышка карата эртелеп даярданышыбыз керек, башкача айтканда, «Чанаңды жайда камда» деген кеп бар. Калк үчүн көмүр жетишсиздиги жана анын сапатынын начардыгы деген маселелер жаралбай, аны ташууда үзгүлтүктөр болбошу керек. Калкыбыз, ЖЭБ жана бюджеттик уюмдар сапаттуу отун менен тийиштүү көлөмдө камсыз болушу тийиш», — деди Акылбек Жапаров.

Иш-чарада көмүр казуучу компаниялардын актуалдуу маселелери талкууланды.

Кеңешменин жыйынтыгында көмүр казуучу ишканаларга керектөөчүлөрдү көмүр менен камсыздоо жана көмүрдүн сапатын жакшыртуу максатында кыртыш ачуу иштерин өз убагында жүргүзүү боюнча бир катар тапшырмалар берилди.

Тармактык мамлекеттик органдарга көмүр казуучу ишканаларга атайы техниканы лизингге берүү маселесин иштеп чыгуу тапшырылды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

682