7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жапаров Карл Нехаммерди куттуктап, ийгиликтерди каалады

810

Президент Садыр Жапаров Карл Нехаммерди Австрия Республикасынын Федералдык канцлери кызматына киришүүсү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

«Сиздин эбегейсиз зор тажрыйбаңыз, кайраттуулугуңуз жана кесипкөйлүгүңүз мындан ары да өлкөңүздүн өнүгүшүнө өбөлгө болот деп ишенем.

Эки өлкөнүн ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн отуз жылдыгынын алдында Өкмөт башчысы катары Сиздин ишмердүүлүгүңүз Кыргызстан менен Австриянын ортосундагы өз ара пайдалуу кызматташтыкты мындан ары да өнүктүрөт деп ишеним артам.

Кыргыз Республикасы мамлекеттер аралык мамилелердин чыңдалышына жана өнүгүшүнө салым кошо турган көп кырдуу кызматташтыкты тереңдетүүгө кызыкдар деп билдирем.

Туризм, жашыл экономика, мөңгүлөрдү сактоо жана климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу жаатында өз ара аракеттенүүнү күчөтүүнү сунуштайм», — деп белгиленет куттуктоо телеграммасында.

Садыр Жапаров Карл Нехаммерди Жаңы 2022-жыл менен куттуктап,  ага чың ден соолук жана жооптуу ишине ийгиликтерди каалады.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

811