7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жапаров Олаф Шольцту Германиянын канцлери кызматына дайындалышы менен куттуктады

469

Садыр Жапаров Олаф Шольцту Германиянын Социал-демократиялык партиясынын парламенттик шайлоодо жеңиши жана анын Германия Федеративдүү Республикасынын Федералдык Канцлери кызматына дайындалышы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

«2022-жылдын 3-февралында отуз жыл болот турган достук жана көп кырдуу кыргыз-герман мамилелеринин ырааттуу өнүгүп жатканын канааттануу менен белгилейм.

Кыргыз Республикасы үчүн Германия менен өз ара пайдалуу кызматташуу Европа багытында артыкчылыктуу мүнөзгө ээ. Биз анын келечекте мындан ары дагы тереңдеп өнүгүшүнө жана ар кандай чөйрөлөрдө бекемделишине кызыкдарбыз. Сизди 2022-жылы Кыргызстанга ыңгайлуу убакта келүүгө чакырам.

Учурдан пайдаланып, Германиянын Федералдык Өкмөтүнө Кыргызстанга көрсөтүп жаткан туруктуу колдоосу үчүн ыраазычылык билдирем. Ошондой эле Германиянын Федералдык Өкмөтү биздин өлкөнүн ырааттуу өнүгүшү үчүн чоң мааниге ээ болгон финансылык жана техникалык кызматташуу чөйрөлөрүндөгү эки тараптуу долбоорлорду Кыргыз Республикасында ишке ашырууну уланта берет деп ишенем.

Кыргызстан калктын жашоо деңгээлин жогорулатуу максатында улуттук экономиканы модернизациялоого, демократиялык институттарды өнүктүрүүгө, социалдык теңдикти камсыз кылууга багытталган комплекстүү реформаларды ишке ашыруу жолунда бара жатат.

Учурдан пайдаланып, Сизди жана Германия Федеративдүү Республикасынын элин келе жаткан Рождество майрамы жана Жаңы 2022-жылы менен куттуктайм! Сизге бекем ден соолук, мамлекеттик ишиңизге ийгиликтерди, ал эми Германия элине тынчтык, өнүгүү жана бакубаттык каалайм», — деп белгиленет Мамлекет башчысынын куттуктоо телеграммасында.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

470