Жалал-Абад шаарында мектеп окуучуларына жүргүнчүлөр билети берилди.
Маалыматка ылайык, буга чейин кичи автобустун айдоочулары жана жогорку класстын окуучуларынын ортосунда кайчы пикир жаралып, ата-энелердин нааразычлыгын жаратып келген. Эми окуучулар жүргүнчүлөр билетин көрсөтүп, кичи автобустар үчүн 5 сом гана жол акысын төлөшөт.
Окуучу билетин көрсөткөнүнө карабай жол акысын 15 сомдон алган айдоочулар жазаланат. Ал эми муниципалдык автобустар 1-класстан 6-класска чейин акысыз болсо, калган окуучуларга 10 сомдон жол акы алат.
Белгилей кетсек, Жалал-Абад шаарында 26308 окуучу бар.