Жалал-Абад шаарында «Мээримдүү балаты» акциясы башталды.
Маалыматка ылайык, Жалал-Абад шаарындагы ЮНЕСКО клубунун демилгеси жана Жалал-Абад шаарык мэриясынын колдоосу менен «Ариет» балдар чыгармачылык борбору жаңы жылга карата «Мээримдүү балаты» аталышындагы кайрымдуулук акция уюштуруп жатат.
Акциянын максаты мүмкүнчүлүгү чектелеген, ата-энесинин кароосунан ажыраган жана балдар үйүндө тарбияланып жаткан 28 балага майрамдык белек тартуулоо болуп саналат.
Аталган акцияга ар бир жаран катыша алышат. Ал үчүн “Ариет” балдар чыгармачылык борборуна 25-декабрга чейин белектерди алып баруу зарыл. «Мээримдүү балаты» акциясы 25-декабрда “Ариет” балдар чыгармачылык борборунда жыйынтыкталып, белектер балдарга тапшырылат.
Белгилей кетсек, кененирээк маалымат үчүн тел: 0777 39 96 29