7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Акылбек Жапаров: Түгөнбөс революциялардын эң башкы себепчиси – Кумтөр

841

Министрлер кабинетинин төрагасы дипломатиялык корпустун өкүлдөрү, ошондой эле өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр менен жолугушту. Бул тууралуу Министрлер кабинети билдирди.

Төмөндө Министрлер Кабинетинин башчысынын сөзүнүн тексти толугу менен берилет:

«Мырзалар жана айымдар!

Бүгүн сиздер менен жолугушуу   мен үчүн сыймык жана  чоң урмат.  Муну мен дээрлик бүтүн дүйнө алдында сүйлөп жатам деп эсептейм.

Дал ушул мүнөттөрдө менин сөзүмө дүйнө кулак салып жатат:

  • биздин өлкө үчүн   мааниси баа жеткис Россия карап турат;
  • бир тууган кошуна боордош мамлекеттер Казакстан, Өзбекстан, Таджикстан, Түркмөнстан карап турат;
  • миң жылдык тарых баскан достукта канаатташ жашаган Кытай угуп жатат;
  • тарыхы, баскан жолу көчмөн Туран тарыхы менен тыгыз чырмалышкан Иран өлкөсү карап турат;
  • маданияты акыркы миң жылдыкта жалпы адамзаттын цивилизациясына өчпөс так калтырган Европа тыңшап жатат;
  • Жер шарынын алыскы аркы бетиндеги мамлекеттердин карап турганын бар жүрөгүм менен сезип жатам.
  • 300 жылдан бери жакшы жашоону издегендердин баарын өзүнө тартып келген  – Америка Кошмо Штаттары угуп жатат;

Албетте, мен биздин мамлекеттин өсүп-өнүгүүсүнө салым кошуп, баа жеткис эбегейсиз жардамдарды көрсөтүп келген Жакынкы Чыгыш өлкөлөрү угуп турганын белгилебей коё албаймын.

Мен, албетте, ар бириңиздерди персоналдуу айтып кетпегеним үчүн кечирим сурайм.  Кандай болсо да,  бул кайрылуума түшүнүү менен кабыл алууңуздарды өтүнөм. Анткени:

— Кыргызстан – жолугушуулардын аянты;

— Кыргызстан – дүйнөлүк улуу цивилизациялардын бет келген жери жана өз ара аракеттердин тогошкон жери.

Мырзалар! Жогоруда мен айткан көз караштар ар түрдүү. Алар бир жагынан жагымдуу, бир жагынан абайлап айтылган сөз, бир жагынан сергек, ошол эле учурда ишенсе да, ишенбесе да боло турган көз караш. Бирок мунун баарын бир нерсе бириктирип турат: баары баа берүүчү  салмакта турат. Биз сиздерди түшүнө албай жатабыз деп айтуудан алысмын. Биз сиздерди абдан жакшы түшүнөбүз.

Мына он беш жылдан бери биздин өлкө саясий толкундар менен катализмден арылбай келет.  15 жылдын ичинде 5 президент алмашты, 20га жакын премьер башкарды.

Бул көрсөткүчтөрүбүз менен, мен ойлойм, биз планетанын алдындабыз. Мунун баарын сиздер, мен айтпасам да, абдан жакшы билесиздер. Бирок  мен сиздер менен бул конфликттердин түпкүрүндө эмне жаткандыгы боюнча өз оюмду бөлүшкүм келип турат.

Дал ушул түгөнбөс революциялардын  эң башкы себепчиси – бул Кумтөр.

Мырзалар!

СССРде ушундай көрүнүктүү партиялык жана саясий ишмер – Сергей Миронович Киров деген болгон. Бул киши Санкт-Петербургдун (ал кезде өзүңүздөр билесиздер Ленинград деп аталчу) алдыңкы техникалык университеттеринин биринин окутуучуларына кайрылып мындай деген экен: “Жолдоштор, материалдардын каршылыгы жөнүндө айтып жатканда, дүйнөлүк буржуазиянын каршылыгы жөнүндө да айтууну унутпагыла”.

Демек, азыркы Кыргызстан жөнүндө, азыркы саясий кырдаал тууралуу сөз кыла турган болсок, Кыргызстандын бир дагы өзүн сыйлаган саясатчысы, бир дагы жүрөгү күйгөн жараны Кумтөр боюнча позициясын көрсөтпөй четте тура албайт.

Кумтөр – Кыргызстандын жүрөгүндөгү айыкпас дарты.

Кумтөр – Кыргызстандын жоголгон мүмкүнчүлүктөрү, уурдалган байлыгы.

Эмне үчүн Кумтөр акыркы 30 жыл ичинде өлкө башына келген терс көрүнүштөрдүн түпкү себеби болууда? Анткени Кыргызстандын саясий элитасы дал ошондон мүдүрүлүп келген.

Экономикалык сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү тажрыйбасы жана татаал келишимдерди түзүү үчүн зарыл билими жок болгондуктан, интеллектуалдык жактан аксап, айланган казандан чыга албай келди. Бирок бул дагы бер жагы эле, эң жаманы – моралдык жактан сынды.

Мырзалар! 

Кыргызстандын дээрлик ар бир президенти өз кызматында туруп, Кумтөрдөгү талап-тоноодон тырмакчанын ичиндеги үлүшүн алып келген деа айтсам мен жаңылышпайм да, ошол эле учурда чоң ачылыш да жасаган болбойм.

Муну көрүп-билип турган өлкөнүн башка чиновниктери жана мамлекеттик кызматкерлери эмне гана кылган эмес. Ар ким жогоруда эмне болуп жатканын көрүп, колу жеткен жердин баарын ала башташкан.

Башкача айтканда, элде жакшы сөз бар: “балык башынан сасый баштаган”.

Мен өлкөбүздөгү бардык балээлердин түпкү себебин дал мына ушундан көрүп турам. Анткени адилеттүүлүктү башка категориялардан жогору койгон элибиз бул күчөгөн вертикалдык коррупцияга чыдай алган жок.

Муну коом түшүнгөн эмес деп таптакыр айтууга болбойт.

Бүткүл Кумтөр жомогу боюнча бул уникалдуу кендин байлыгын бөлүштүрүүдө адилеттүүлүктү калыбына келтирүүнү талап кылган чакырыктар ар дайым угулуп турган, азыр да айтылып келет.

Бирок муну жогоруда мен айткан себептер боюнча чечүү мүмкүн эмес.

Бир жагынан алып караганда, Кыргызстанды кул кылуучу келишимдер жана алардын бузулушу эл аралык коомчулуктун мамилесине көз каранды кылышы бизди колу-бутубуздан байлап турган.

Бул баш-аягы жок туюк айлампаны, мындайча айтканда Гордиев түйүнүн чечүүгө мүмкүн эмес эле, анын бир гана жолу – аны жөн гана талкалап, кесип салуу керек болчу. Өлкөгө жаңы жетекчиликтин келиши менен бул мүмкүн болуп калды, ишеним жаралды.

Эми бул абалга чекит коюлду деп айтсак болот. Диагнозу коюлуп, ириңдүү жери ачылып, дарт дарылана баштады.

Ооба, Кыргызстандын бардык көйгөйлөрүн Кумтөр маселесине байлоо мүмкүн эмес экенин жакшы түшүнөбүз. 

Бирок бул оорунун чордону болгон, калганынын баары мамлекеттик турмуштун бардык тармактарына, билим берүүгө, салык салууга, бажыга, медицинага, энергетикага таасирин тийгизген метастаз болчу. Бул метастазды биз тазалай баштадык.

Президент Садыр Нуркожоевич Жапаров Кыргызстандын келечегин кура турган туруктуу жана бакубат жаш муундарды тарбиялоого жана билим берүүгө өзгөчө көңүл бурууда. Бул тарыхый маселеде сиздердин жардамыңызга абдан үмүттөнөбүз.

Урматтуу мырзалар, сөзүмдүн башында мен дүйнө коомчулугу бизге сиздердин көзүңүздөр менен карарын айттым.

Бирок биз сиздерге кандай карайбыз деп ойлонуп көрдүңүздөрбү? Биз эмнени көрөбүз? кандай карайбыз? эмнени сезебиз?

Биз идеализмден алыспыз. дүйнөнү романтизмдин роза түстөгү көз айнегинен караган 90-жылдардагы жаш Кыргызстан ал көз айнегин жыйырма биринчи кылымдын башында эле калтырган.

Биз Англиянын түбөлүктүү душмандары жана түбөлүктүү достору болбостугун, түбөлүк кызыкчылыктары гана болорун бекем түшүндүк, үйрөндүк. Бекер берилген сары сыр чычкан түшчү капканга салынган сыр экенин жакшы түшүндүк. Биз да геосаясат деген сөздү үйрөндүк, биз да Сэмюэл Хантингтонду, Збигнев Бзежинскийди окудук.

Биз иллюзиялардан  эчак эле кеткенбиз. Бирок жалпы адамзаттык баалуулуктарга болгон ишеним бизди эч качан таштабайт.

Биздин өлкө дүйнөнүн бардык цивилизациялары жана конфессияларынын өкүлдөрү үчүн абдан жайлуу жана ыңгайлуу.  Ксенофобия  эң төмөнкү деңгээлде. Мамлекет бирөөнүн сезимдерине, ички ынанымдарына, диний ишенимдерине кийлигишүүгө жол бербейт.

Кыргызстан – Улуу Жибек жолунун тогошкон жери.

Анда аруу ой, ак тилек менен бизге келген ар бир адамды кучак жайып тосуп алат.

Ал эми Кыргызстан келечекте да ушундай аймак бойдон калгысы келет.

Сиздерди карап, бизге да түшүнүү менен карооңуздарды күтөбүз.

Сиздердин жетишкендиктериңизге суктануу менен биз да сиздерден үйрөнөбүз.

Сиздердин баалуулуктарды, каада-салттарыңызды урматтоо менен, биз да өзүбүздүн баалуулуктарыбызга карата ошондой урматты күтүүгө укуктуубуз.

Бизде да жооп кайтаруучу өзүбүздүн көз караштар бар экенин унутпасаңыздар деп ойлойм».

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

842