7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Эдил Байсалов: Мамлекеттин артыкчылыгы – ар бир жарандын укугун камсыздоо жана коргоо

581

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун төрагалыгы астында Министрлер кабинетине караштуу Адам укугу боюнча координациялык кеңештин кеңешмеси болуп өттү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Эдил Байсалов өз сөзүндө Адам укуктарын коргоонун эл аралык күнү кеңешменин өтүп жаткандыгы жакшы саамалык экенин белгиледи.

«Республикада мыйзам үстөмдүгү, ар бир адамдын укуктарын камсыз кылуу мамлекеттин артыкчылыктуу максаттары болуп саналат. Муну парламенттик шайлоонун ачык жана таза өтүшү далилдеди. Саясий укуктар менен эркиндиктен тышкары, биз мекендештерибизди социалдык жана экономикалык жактан камсыздап, коргошубуз керек. Мамлекет башчы белгилегендей, ар бир жарандын укуктары менен эркиндиктерин камсыз кылуу жана коргоо мыйзамдар менен кепилденген өлкөбүздү өнүктүрүү бардык деңгээлдеги мамлекеттик органдардын жалпы максаты болуп саналат», — деди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары.

Андан соң жолугушуунун катышуучулары 2019-2021-жылдарга Адам укугу боюнча иш-аракеттер планын ишке ашыруу боюнча маселелерди талкуулашты.

Байсалов белгилегендей, балдардын жашоосу жана билим алуусу үчүн мүмкүн болгон бардык шарттарды түзүү керек. Мындан тышкары, Министрлер кабинетинин Төрагасынын орун басары өзгөчө жеке уюмдардагы жарандардын эмгек укугун коргоо жана сактоо маселелерине басым жасады.

Жолугушуу жыйынтыгында Эдил Байсалов билдиргендей, Жогорку Кеңешинин жаңы чакырылышы менен жарандардын эркиндиги жана аны коргоо багытындагы иштер күчтөндүрүлөт.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

582