Садыр Жапаров бүгүн, 27-июлда Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Таалатбек Масадыковду кабыл алды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, жолугушууга Президенттин Администрациясынын жетекчиси Сүйүнбек Касмамбетов, Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов жана анын орун басарлары катышты.
Садыр Жапаров Коопсуздук кеңешинин мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коомдук бирикмелер, эл аралык жана башка уюмдар менен өз ара кызматташуусун натыйжалуу уюштурууну камсыз кылуу маанилүү экенин белгиледи.
Таалатбек Масадыковдун айтымында, азыркы кезде жалпысынан Борбордук Азия регионундагы кырдаалды эске алганда, өлкөнүн улуттук коопсуздук маселелери өтө актуалдуу. Таалатбек Масадыков болгон билими менен региондун коопсуздук маселелери боюнча көп жылдык эл аралык тажрыйбасын өз ишине максималдуу түрдө колдонууга даяр экенине басым жасады. Кесиптештерине кайрылып, өлкөнүн өнүгүшү жана өлкө жарандарынын бакубатчылыгы үчүн ачык-айкын кызматташууга жана натыйжалуу иштөөгө даяр экенин белгиледи.