7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жапаров Кыргызстан мультимодалдык каттамдарды өнүктүрүүгө даяр экенин билдирди

95

Мамлекет башчы транспорт жана логистика тармагында өз ара аракеттенүүнүн олуттуу потенциалы бар экенин белгилеп өттү.

Буга байланыштуу Президент Кыргызстан мультимодалдык каттамдарды өнүктүрүүгө, учурдагы коридорлорду кеңейтүүгө, жаңы биргелешкен логистикалык чынжырларды түзүүгө катышууга даяр экенин баса көрсөттү.

“Биздин өлкөлөр үчүн транспортту модернизациялоо жана мультимодалдык маршруттарды өнүктүрүү негизги милдеттерден болуп калат”, — деди Садыр Жапаров.

Бул контекстте ал Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолун куруу долбоорун ишке ашыруу, ошондой эле энергетика тармагында Камбарата ГЭС-1 куруу долбоору өзгөчө мааниге ээ болорун баса белгиледи.

96