7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жапаров: «Манас» театры кыргыз элинин улуу мурасын – баян айтуу өнөрүн сактоо, жайылтуу максатында негизделген

861

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кыргыз улуттук «Манас» театрынын имаратынын ачылыш аземине катышты. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

«Бүгүнкү күндө 30 жыл аралыгында жетиштүү көңүл бурулбай келген көптөгөн жакшы демилгелер өлкө жетекчилигинин колдоосу аркылуу ишке ашырылууда. Алсак, «Манас» театрына имарат бөлүнүп берилген. Кыргыз элинин материалдык эмес маданий мурастарын, каада-салтыбызды, элдик оозеки чыгармачылыкты, өзгөчө «Манас» эпосун сактоодо сиздердин салымыңыздар баа жеткис. Апрель айында социалдык тармактагы кызматкерлердин, анын ичинде маданият кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатуу пландаштырылууда», — деди Акылбек Жапаров жана өнөр адамдарына чыгармачыл ийгиликтерди жана бакубаттуулук каалады.

 

Иш-чарага КРнын Мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов, өлкөнүн Башкы прокурору Курманкул Зулушев, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов катышты.

Белгилей кетсек, театр 2021-жылдын сентябрь айында «Манас» эпосун, ошондой эле кенже эпосторду жана манасчы, дастанчылардын чыгармачылыгын  сактоо жана жайылтуу максатында негизделген. Президенттин 2022-жылдын 17-февралдагы Жарлыгы менен ага улуттук макамы ыйгарылган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

862