Кара-Кулжа районунда унаасы менен жаш кызды сүзүп кетүүгө шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Ош облустук жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 12-мартта болжол менен саат 21:30 чамасында Кара-Кулжа айылындагы Каратаев көчөсүндө белгисиз жаран унаасы менен 1997-жылы туулган кызды сүзүп, качып кеткен. Кесепетинен 25 жаштагы кыз жаракат алып, Кара-Кулжа райондук ооруканасына жаткырылган.
Кылмышка шектелип, 2004-жылы туулган жаран кармалган. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.