7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жапаров маркумдардын жакындарына көңүл айтып, өрт коопсуздугун күчөтүүнү тапшырды

24

Президент Садыр Жапаров Өзгөчө кырдаалдар министрлигине жана тиешелүү министрликтерге өзгөчө кырдаалдардын жана өрт кырсыктарынын алдын алуу боюнча толук чараларды көрүүнү тапшырды. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Анын билдирүүсүндө, алгач өлкө башчысы Ош шаарында жана Ысык-Ата районунун Новопокровка айылында акыркы күндөрү болгон кайгылуу окуялардын кесепетинен каза болгондордун жакындарына жана туугандарына көңүл айткан.

“Ош шаарындагы өрттөн алты мекендешибиз – эне жана анын беш баласы каза болгону, ошондой эле Новопокровка айылындагы заводдо цемент ташуучу цистерна жарылып, эки жумушчунун өмүрү кыйылганы тууралуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым.

Кыргызстан элинин атынан жана жеке өзүмдүн атымдан каза болгондордун жакындарына жана туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтам», — деп айтылат өлкө башчысынын көңүл айтуусунда.

Ошондой эле Аскат Алагөзов президент ӨКМге жана тиешелүү министрликтерге өзгөчө кырдаалдардын жана өрт кырсыктарынын алдын алуу боюнча толук чараларды көрүүнү тапшырганын маалымдады.

«Суук түшүшү менен жеке турак жайларда, ошондой эле өндүрүштүк объектилерде электр энергиясын жана жылытуучу шаймандарды колдонууда өрт жана өзгөчө кырдаалдардын келип чыгуу коркунучу жогорулайт.

Калк арасында сактык чаралары боюнча алдын алуу жана түшүндүрүү иштерин күчөтүү жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу зарыл», — деп белгиледи мамлекет башчысы.

25